Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында коронавирус менен ооруган аял өзүн жаман сезип, ооруканага бешинчи жолу келгенде гана жаткырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ички иштер органдарында мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Содикжон Бердалиев билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
"Анын ден соолугу начарлап, ооруканага бешинчи жолу түшкөндөн кийин гана аны вирусологиялык кароодон өткөрүштү" деп билдирген Бердалиев.
Анын айтымында, бейтап өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлгөндүктөн 2020-жылдын 19-мартынан 4-апрелине чейин Юнусабад облусунун № 51 үй-бүлөлүк клиникасына жана №7 шаардык клиникалык ооруканага 4 жолу барган. Дарыгерлер аны текшерип, дарылануусун белгилеп, үйүнөн дарыланууга жөнөтүп турушкан.
Жыйынтыгында, аялдан коронавирус инфекциясы табылган. Инфекция жуккан аял отуздай адам менен контакт болгон жана анын ичинде медицина кызматкерлери дагы бар. Алардын баары карантинге алынды.