Бельгиянын тургуну достору менен спирттик ичимдикти жарышып ичем деп комага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бельгиялык тургун достору менен видео чалуу аркылуу алкоголдук оюн ойногон. Жарыш учурунда ал 1 жарым литр спирттик ичимдик ичкени белгилүү болгон. Өзүн жаман сезген кишини дароо Шарлеруа шаарындагы ооруканадагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө жеткиришкен.
Белгилүү болгондой, оюндун эрежеси боюнча бири-бирине спирттик ичимдикти ичүү тапшырмасын беришкен. Эгер кимиси иче албай калса, ага тапшырма берген адамды ресторанга тамактанууга чакырмак. Мындай онлайн оюндар изоляция учурунда популярдуу болуп кеткендиги айтылат.