"Коронавируска каршы күрөшүүдө бардык эле ишкерлер жана жарандар өзүнүн акча каражаттарын Финансы министрлигинин административдик эсебине которбойт. Алар жеке каражаттарын өз алдынча бөлүштүрүп жатат", - деп билдирди вице-премьер Эркин Асрандиев онлайн маалымат жыйында.
Акча каражаттарынын туура сарпталышын көзөмөлдөө үчүн байкоочу кеӊеш түзүү пландалууда, анын курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат. "Алар кайда жана канча каражат жумшалганы боюнча ар апта сайын отчёт берип турушат. Бүгүнкү күндө бул каражаттардан бир дагы тыйын коротула элек", - деди Асрандиев.