Бишкек мэриясынын борбордук аппарат кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда SUPER.KG порталына мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев тастыктады.
"Кызматкер кечээ кечинде коронавируска тест тапшырган. Андан коронавирус аныкталды. Анда илдеттин белгилери деле жок. Жөтөлүп, тамагы ооруп жаткан. Азыр тамагы деле жакшы болуп калыптыр. Бүгүн мэриянын бардык кызматкерлери ПЦР-тест тапшырды. Бирден кызматкер калтырып, баарын үйлөрүнө жибердик. Дүйшөмбү күнгө чейин мэрияны жабабыз. Андан кийин көрөбүз го", - дейт ал.