Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүн, 26-мартта берип жаткан маалымат жыйынында "өлкө ичинде коронавирус менен ооругандардын так саны жашырылуудабы?" деген суроого жооп берди.
"Ооругандардын санын жашыруу мүмкүн эмес, анткени азыркы тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө оорунун белгилери бар адамдар жатат. Аларда оору аныкталып жана таза да чыгып калышы мүмкүн. Эгерде бейтапта оорунун белгилери жоголуп кетсе эле биз дароо чыгара калбайбыз, анда оору аныкталбаган маалда да дарылап анан чыгарабыз", - деп билдирди министрликтин өкүлү.