Бир суткада 6 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, алардын ичинен 4 учур кызыл зонада. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Бишкек - 5
Ош шаары – 1
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 4 миң 584 медицина кызматкерлери катталды. Алардын ичинен 4 миң 521и сакайды.