Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус менен ооруп айыккан адамдар эмдөөдөн сөзсүз өтүшү керек экенин эскертти

Коронавирус инфекциясы менен ооруп айыккан адамдар сөзсүз эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы изилдөөчүсү Сумья Сваминатан брифинг учурунда билдирген.

"Вакцинаны мурун инфекция жуккан-жукпагандыгына карабастан алууну сунуштайбыз", - деген ал.

Анын айтымында, ооруну жуктуруп айыккан адамдарга вирус жуккан учурда иммундук жооп пайда болот. Бирок алардын бардыгы эле жугуштуу инфекцияга туруштук бере албайт. Ошол эле учурда ал биринчи кезекте COVID-19 оорусун жуктуруп айыккандар эмдөөдөн сөзсүз өтүшү керектигин, анткени аларда эң начар иммундук жооп боло тургандыгын аныктаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан