Коронавирус менен ооруп жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 жаран пневмония менен жабыркайт

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, журналисттердин алдын ала кат түрүндө берилген суроолоруна жооп берүүдө.

Акматова коронавирус менен жабыркаган жарандардын абалы тууралуу маалымат берип, жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын абалына токтолду.

"6 жаран пневмония менен жабыр тарткандыктан, жасалма дем алдыруу аппараттарынын жардамы менен дем алышууда. Мындан улам жандандыруу бөлүмүндө жатышат", - дейт Акматова.

Айта кетсек, 26-мартка карата берилген маалыматка ылайык Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооругандардын саны 44.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asanaliev.s
2020-03-26 16:11:18
Аллах шыпаасын берип жакшы болуп кетишсин.Жакшы жанылык угалы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан