БШКнын төрайымынын орун басарынан коронавирус аныкталды
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Акылбек Эшимовдон коронавирус инфекциясы табылды. Маалыматты БШКнын басма сөз кызматынан ырасташты.
Ага ылайык, ал учурда обочолонуп, үйдө дарыланып жатат.