Путин Орусиянын аймагында мигранттардын каттоосуз жүрүүсүн 15-сентябрга чейин узартты

Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандарга 15-сентябрга чейин мөөнөтү узартылбаган документтер менен жүрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Анда жазылгандай, коронавирус пандемиясына байланыштуу миграциялык жеңилдиктер 15-марттан 15-июнга чейин берилген болчу.

Эми бул мөөнөт дагы үч айга узартылды. Мунун негизинде Орусиянын аймагында мигранттарга миграциялык документтеринин мөөнөтүн узартуу талап кылынбайт, мөөнөтү узартылбаган документ менен жүргөн мигранттарга административдик чара колдонулбайт. Буга патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү документтер кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-06-16 09:56:11
Жакшы, молодец!
+3
Agayu
2020-06-16 10:10:39
Путин сый кылат , бирок ыйы менен кошо кылат .Этият болуп журойлу да эн башкысы
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан