Ырчы Нурлан Насиптен "таз баш" челленжи. Шоу өкүлдөрү 20 жылдан бери алына элек чачын кырышууда

Ырчы Нурлан Насип үй карантининде отурган кесиптеш досторуна чакырык таштап, жаңы челленж баштады. Видео кайрылууда ырчы мырза үйдө отурганда башын сергитейин деп чачын алдырганын айтып, эстафетаны досторуна узаткан.

Нурландын узаткан челленжин алпаруучу, шоумен Максат Довранов колдоду. "Чачым 20 жылдан бери кырылбаган болчу шылтоо менен башты эс алдырып жатабыз" деген Максат.

Ал эми тамада, шоумен Улук Сапаров элден өзгөчөлөнүп, өзгөчө чач жасалга кылган. "Жөн эле "лысый" болбой, причёска менен "лысый" болдум" деп жазган ал. Кийинчерээк Улук көкүлүн да алдыртып, таз баш болгон.

Улуктун эстафетасын ди-джей Аскат Алдашев да улантты. "Ойлоп көрсөм, 5-класстан бери таз баш боло элек экенмин. Ошондон бери башымды сергитейин деп, мына бүгүн чачымды алдырттым", - деп жазган Аскат.

Эстафета узатылгандардын катарында тамада, шоумен Манас Алыкулов да бар. Алар буга чейин мындай челленжди "басып өткөндүктөн", архивдеги сүрөтү жетиштүү болот го деп, ошону менен чектелген.

Нурлан челленжди Мирбек Атабеков, Омар, Аваз Акимов, Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаевге жана башкаларга узаткан. Алмаз чачты алуу-албоону азырынча ойлонуп жатканын билдирди. Ал эми Нурмат жакында гана умрадан чачын алдыртып келгенин билебиз. Ырчы мырза кайрадан эми өсүп келаткан чачын алдыртабы, жокпу көрө жатарбыз.

Нурлан Насип таз баштар челенжин баштады
"Таз баш" челенжи Улук Сапаров
"Таз баш" челенжи Максат Довранов
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kyrgyz40
2020-03-27 15:53:55
Менда кырдырсамбы деп калдым жаны кара чач чыга т
-2
Belek1710
2020-03-27 16:00:00
Менин оюмду менден биринчи жасашыптыр, молодцы!
-6
erlan2196
2020-03-27 16:03:09
Обу жок боло бересинерби. Биротоло бетинердеги сакалынарды да кыргыла моджахеттерге окшобой. Вирусттун баары сакалка биринчи жабышат экен, молдолорго да тийиштуу.
+8
zhaku2017
2020-03-27 16:12:27
Эээ ырчылар. Силер биринчи кезекте зынкыйып жургуло. Тескерсинче чачынарды жакшылап карап, тарап, туздоп, кычырап Жакшы ырларды ырдап дегендей. Чынын айтканда Колобок болуп калыптырсынар.
+1
katerina.li
2020-03-27 16:24:50
Обу жоктор. Дагы деле чоноюша элек булар
+5
akmanai
2020-03-27 17:13:54
Нурматка эстафета берилген жок. Аны сенин чачын оссун деп эстафетаны сага бербедим Нуке деп жазган.
-4
Nur777
2020-03-27 17:17:41
Ааламды апаат каптап жатса булар энирендеп эс-дарты шоу,пиар,хайп!Ошонун ордуна "кол сунуп жардам берели" деген челлендж уюштурбайсынарбы,силерди соцтармактарда согуп атышат,ооздорунарды под фонограмму кыбыратып,карапайым элдин 100-1000 долларын сыгып алып журосунор го,жок дегенде пенсионерлерге 500сомдук продукты берээр беленер,жок,анткени ачкозсунор тыйындын аркасынан тоголонгон,пиарщиктер,соз жок просто!
+13
aisu12345
2020-03-27 18:06:08
Кичине адамга ылайык эстафета тартпайсынарбы каниетке окшоп адамдарга жардам бергиле
+5
admin_portal
2020-03-27 18:25:13
bekboliev91, сизге БАН!
Этика нормаларын сактаңыз.
0
mamatkerim1968
2020-03-27 20:43:22
Мен бугун кырдырдым эле, бирок буларды эми кордум.
+1
Gospozhatsetok
2020-03-27 22:09:56
Ааламды сел алса ордокко баары бир болуптур да. Чачыны аласынбы, башыны аласынбы кыла бер озунчо, чачынар эле калды эле озу реклама кылбаган
+3
Bezlisa
2020-03-27 22:52:08
Кааап качан гана чонойосунар яя....????
Ойунар эптеп эле пиар кылыш керек тобоо кылдым...!!!
Андан көрө медиктерибизге форма жетпей атат ошолорду алып берип эстафета кылсанар болмок сооп иш кылмаксынар окшошкон ералаштар....!!!!!
+2
elisbek84
2020-03-28 14:52:21
Таз баш дешет тура. Таз деп башына жара чыгып какач болуп чачы тушкон башты айтышат эле. Чачынарды алсанар эле жарыялай бересинерби жаман куйдуросунор да. Эркек болгулачы эй. Биротоло коюн колтуктарынарды да тазалап тартып жоноткуло анча болду. Элдин баары кудайлап олтурса кылганын кара булардын. Андан коро бир бечарага жардам берсенер ошол жакшы жанылык анан чон сооп болмок..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан