Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясынан 107 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.
Бишкек – 47
Ош шаары – 1
Чүй облусу – 4
Ош облусу – 4
Талас облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 14
Баткен облусу – 26
Республика боюнча айыккандардын жалпы саны: 41 миң 210.