Коменданттык сааттын экинчи күнүндө өлкө боюнча 241 жаран кармалды. Эң көп "кулагы жоктор" Бишкекте, эң тартиптүүлөр Ноокатта...

27-мартка карата коменданттык сааттын ичиндеги тартип бузуулар тууралуу маалымат таратылды.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 241 жаран жеткирилип, 12 унаа токтотулду. Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 146;

Ош шаары боюнча - 22;

Жалал-Абад шаары - 24;

Сузак району - 29;

Кара-Суу районунда - 20;

Ал эми Ноокат району боюнча кармалгандар болгон жок.

Кармалган жарандардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип коё берилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chake
2020-03-27 09:27:01
телевизор интернетте какшап айтып жатат түшүнбөйт экен да бул тентигендер ХХХХХ
+9
momun74
2020-03-27 11:01:47
Ноокаттыктар азамат эл экенда
0
Mervi
2020-03-27 20:22:38
momun74,ошол жактан коп чыгып жатса отурушат да уйдо
0
katerina.li
2020-03-27 13:13:49
Талас, Нарын,токтогул,ыссык кол жактан кабар жокпу??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан