Коронавируска аялдарга салыштырмалуу эркектердин көп чалдыкканынын себеби айтылды

Орусиянын инфекционист дарыгери Николай Малышев эркектердин коронавируска көбүрөөк чалдыгышынын себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал орусиялык маалымат булактарынын бирине маек берип жатып билдирген.

Анын айтымында, инфекцияга эркектер аялдарга салыштырмалуу көбүрөөк кабылышат.

"Бул көрүнүштүн себеби, биринчи кезекте эркектердин тамеки тартуу жана алкоголдук ичимдиктерди ичүү сыяктуу жаман адаттарына байланыштуу. Албетте, бул кадамдар эркектердин саламаттыгына доо кетирген негизги фактор", - деп билдирген дарыгер.

Малышев белгилегендей, эркектер табигый мүнөздөмөлөрү боюнча аялдарга караганда жагымсыз тышкы жашоо шарттарына аз туруштук беришет. Ошондуктан алар көп оорушат.

Апрелдин аягында Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги аялдарга караганда эркектер коронавируска көбүрөөк чалдыга турганын билдирген. Изилдөөнүн жыйынтыгында инфекцияны жуктуруп алгандардын 60 пайызын эркектер, 40 пайызын аялдар түзгөнү анык болгон.

Ал эми Кыргыз өлкөсүндө акыркы маалыматка ылайык, оору жугузгандардын саны 895. Илдеттен 637 адам айыгып, 12 адам каза болду. Катталган 895 жарандын 478и аял киши болсо, 417си эркек киши.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Omar.
2020-05-07 12:16:28
1 күн мурда эле чылым чеккендер аз ооруйт деп орус окумуштуулары айтып чыгышпады беле?
Бүгүн болсо кайра чылым чеккендер көп ооруйт деп мунусу жүрөт
Ушулардын кимиси окумуштуу эми
+4
ahun72
2020-05-07 12:43:00
Ошондо эмне чегелиби же чекпейлиби?
+6
Belek1710
2020-05-07 12:55:58
Окмуштуулар укмуштуудай кабар берип жатышат өзү
0
erlanspb
2020-05-07 13:28:24
Кыргызстандын озунун окмуштуулары барбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан