Бүгүн, 27-мартта Бишкектин борбордук көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ага ылайык, картада көрсөтүлгөн төрт бурчтукта автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.
"Ал эми жөө жүрүүчүлөр дезинфекциялоо иштери жүрүп жаткан аймактан маршруттук баракчасы, медициналык документтери (жолдомо кагаз, көчүрмө), ошондой эле аты-жөнүн күбөлөндүргөн документи болгон шартта жүрсө болот", - дешет штабдан.
Республикалык штаб Бишкек карантиндик зона болгондуктан, дезинфекциялоо иштери анын бардык райондорунда жүргүзүлөрүн эскертет.