Бүгүн, 27-мартта Жамбыл облусунда коронавирус жуктургандардын саны 3кө жеткени маалым болду. Вирусту жуктурган жаран Кыргыз өлкөсүнөн барганын казак маалымат булактары жазып жатышат.
Анда вирус жуктурган кыз Кордай районунун 1996-жылы туулган жараны экени айтылат. Ал 24-мартта карантиндик стационарга жаткырылган. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы жаранда коронавирус инфекциясы бар экенин көрсөткөн.
"Бейтап инфекциялык ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок жана коронавирустун башка белгилери жок. Коронавирус инфекциясын диагностикалоо жана дарылоо бекитилген протоколго ылайык жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жаранга байланыштардын чөйрөсү түзүлүп, карантинге алынган.