"Өз тарыхый милдетин аткарышты". Дүйнө жүзүндө кайсы белгилүү стадиондор обсервация жана өлүкканага айланды?

Дүйнө жүзүн каптаган пандемиядан улам көпчүлүк өлкөлөрдө спорттук иш-чаралар токтоп калды. Бирок стадиондор, теннистик корттор аз гана убакыт бош калды.
Коронавирус илдетине чалдыккандардын жана андан каза болгондордун саны көбөйүп кеткендиктен, көпчүлүк спорт имараттарын талаа госпиталдарына, кампаларга, жада калса өлүкканаларга айлантышкан.
"Чжуанькоу" стадиону
Алгачкылардан болуп Ухан шаарынын башчылары аймактагы эң белгилүү "Чжуанькоу" стадионун обсервацияга айлантышкан. Аталган стадион 2002-жылы салынган, ага 50 миңдей киши батат. 2007-жылы аталган стадиондо футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун оюндары өткөн.
Стадионду госпиталга айлантыш үчүн 1 апта кеткен. Аталган стадиондо 1 миң 100 кишиге орундар даярдалган. Мындан сырткары бул жерде компьютердик томография, рентген жана лаборатория уюштурулган.

"Сантьяго Бернабеу"

Март айынын аягында "Реал Мадрид" футболдук клубунун "Сантьяго Бернабеу" стадиону медициналык каражаттарды сактай турчу кампага айланган. Ыктыярчылар бул аренага медициналык каражаттарды чогултуп, андан соң муктаж болгондорго таратышкан. Аталган стадионго 81 миң 44 көрүүчү батат.


"Муз сарайы" соода борбору

Илдеттен каза болгондордун саны боюнча 3-орунда турган Испанияда өлүкканалардагы орундардын жетишсиздиги дагы чоң маселе жараткан. Буга чейин Мадрид шаарынын жетекчилиги 14 көрүстөндү алардын кызматкерлеринин коргонуучу каражаттары жок экенине байланыштуу өз ишин токтоткону тууралуу кабарлаган.

Каза болгондордун денесин сактоо үчүн дароо 3 имаратты убактылуу сактоочу жай кылуу чечими кабыл алынган. Алар "Муз сарайы" соода борбору, "Махадаона" муз тебүүчү аянтчасы жана Соттук-медициналык экспертиза институту.

"Муз сарайы" өлүккана кылуу үчүн аянты 1 миң 800 чарчы метр жана бийиктиги 16 метр болгон муз аянтчасын берген. Аталган өлүккана 1 миң 186 адамдын сөөгүн кабыл алган. Аталган соода борборундагы өлүккана 22-апрель күнү жабылган.

"Principality Stadium" стадиону

Башка өлкөлөрдө өлүкканалар жабылып жаткан кезде башка өлкөлөрдө эпидемия туу чокусуна жете элек болчу. 20-апрель күнү Улуу Британиянын ханзаадасы Чарльз Уэльсте эң чоң талаа госпиталы "Principality Stadium" стадионунда ачыларын кабарлаган.

"Principality Stadium" госпиталы 2 миңге жакын адамды бир мезгилде кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар. Талаанын өзүндө 750 орун жайгашкан, калгандары трибуналарда жана алардын алдында жайгашкан. Ал жакта оор абалдагы жана оорудан сакайгандар да болот. Стадиондо атайын лабораториялар уюштурулган. Аталган стадион 74 миң 500 көрүүчүгө эсептелген.


"Маракана" стадиону

Бир айдан ашык убакыттан бери "Мараканадагы" талаа госпиталы иштеп жатат. Аталган стадион Рио-де-Жанейродо жайгашкан. "Маракана" стадионун 1950-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна арнап ачышкан. Дал ушул жайда 2014-жылдагы Чемпиондуктун оюндары өткөн. Ал эми 2016-жылы Жайкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи орун алган.

Стадион 80 миңге жакын көрүүчүгө эсептелген. Азыркы тапта ал жакта 400гө жакын оор абалдагы бейтап бар. Орундуктар жеңил атлетикага арналган жерде, трибуналарда орун алган. Бийлик өкүлдөрү газонду сактап калуу аракетин көрүшүүдө. Бирок муктаждык жаралса, оюн талаасына да орундуктар коюлат. "Мараканадан" сырткары Бразилияда дагы 8 спорт имараты госпиталга айланган.

"Слип Трейн Арена" стадиону

Ал эми АКШда апрель айынын башынан тартып эле өлкөдөгү спорт имараттары убактылуу оорукана катары кызмат кылып жатышат. "Слип Трейн Арена" 400гө жакын бейтапты кабыл алды. Ал эми жарандар тест тапшыруу үчүн Филаделфиядагы "Ситизенс-бэнк-парк" бейсбол стадиону бөлүнгөн. Ал эми Луи Армстронг кортунда талаа ашканасы жайгашкан. Ал жакта 25 миң адамга тамак жасалат. Алар бейтаптарга, дарыгерлерге таратып берилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан