Бүгүн, 27-мартта Бишкектин борбордук көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөрү маалымдалган.
Маалыматта дезинфекциялоо процесстери Бишкек шаарынын бардык райондорунда жүргүзүлөрү айтылган.
Буга байланыштуу шаар тургундарында "Дезинфекция учурунда терезе ачса болобу? Көчөдө басууга болобу? Жашоочулар үчүн зыян эмеспи?" деген суроо жаралды.
SUPER.KG порталы Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментине байланышып, суроолорго жооп алды. Анда департаменттин башкы адиси Абдыбек Султаналиев шаарды дезинфекциялоодо зыяндуу заттар колдонулбаганын, хлор менен тазаланып жатканын айтат.
"Шаардын көчөлөрүн дезинфекциялоодо хлор колдонулуп жатат. Анын адамдарга эч кандай зыяны жок. Департамент көп жылдар бою бул процесстерди ишке ашырып келгендиктен бир гана адамдарга эмес, өсүмдүктөргө жана канаттууларга дагы терс таасирин тийгизбегидей аралашманы чачып жатат. Алсак, учурда 10 пайыздык хлорду пайдаланып жатабыз. Ал эми Казакстанда дезинфекциялоодон канаттуулар кырылып жатат деген маалымат бизге түшкөн жок. Балким ал жакта дезинфекциялоо үчүн башка заттардын аралашмасы чачылып жатат. Кыргыз өлкөсүндө, анын ичинде Бишкек шаарында адамдарга жана жаратылышка зыяны тийбегидей дезинфекциялоо процесстери жүрүүдө", - дейт башкы адис.