Ошто айыл чарбасын каржылоо үчүн 135 миллион сом насыя берилди

Бүгүн, 6-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов менен Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев онлайн маалымат жыйын беришти.

Жыйында Ошто айыл чарбасын каржылоо үчүн 135 миллион сом насыя берилгени айтылды. Анын ичинен 61 миллион сом мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка 42 миллион, кайра иштетүүгө 29 миллион сом өлчөмүндөгү насыя бөлүнгөн.

"Жазгы талаа иштери толук кандуу бүтүп жатат. Кечээ алыскы тоолуу Чоң-Алай районунда дагы бүттү. 21 миң гектарга жазгы буудай, 16 миң гектарга арпа эгилди. Үрөн жетпеген жерлерге түндүк жактын фермерлери жардам берди. Өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 200 гектарга көбүрөөк буудай эгилди. Мындан тышкары 1 миң 600 гектарга жакын жерге эрте түшүм берүүчү жашылчалар отургузулду. Эрте алынган түшүмдөр экспортко дагы жөнөтүлө баштады", - деди Ахмаджан Махаммадов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан