Кытайдын Ухан шаарында жайылган коронавирустан жабыркагандардын саны азайып жатканына байланыштуу бейтаптарды убактылуу кабыл алып жаткан шаардагы бир бейтапкана жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
1-мартта аталган оорукана вирустан айыккан 34 жаранды чыгарып, дарыланып жаткан 74 бейтапты башка медициналык пункттарга которушкан. Бейтаптарды башка ооруканаларга өткөрүп бергенден кийин, оорукана эс алуу режимине өтүп, мындан ары бейтаптарды кабыл албай турганын билдирген. Акыркы учурда жалпы эле Кытай анын ичинен Хубэй провинциясында эпидемиялык абал мурункуга караганда турукташкан.
Уханда акыркы сутка ичинде вирус жуктурган 193 жаңы учур катталган болсо, сакайып бейтапканадан чыккандардын саны 1 958 кишини түзгөн. Азыркы учурда ооруканаларда 25 903 адам дарыланып жаткан болсо, алардын ичинен 6 872 адамдын абалы оор экени айтылууда. Жалпысынан шаарда вирустан 2 227 киши көз жумган.