Жамбыл облусундагы коронавирус менен жабыркаган 3 жаран Кыргыз өлкөсүнөн барган

Бүгүн, 27-мартка карата Казакстанда коронавирус менен 121 адам ооруп жатат. Алардын ичинен 3 бейтап Жамбыл облусунда катталды. Жабырлануучулардын үчөө тең Кыргыз өлкөсүнөн барганын казак басылмалары жазып чыгышты.

"Вируска 24, 29 жана 46 жаштагы жарандар чалдыккан. Алардын абалы канааттандырарлык. Аларды дарылоо үчүн бардык тиешелүү иштер аткарылып жатат. Бейтаптар өз убагында обсервацияга алынды.

Ал эми жабырлануучулар менен байланышта болгон жарандар табылып, азырынча алардан вирус аныкталган жок. Ал эми вирус менен жабыркаганы аныкталган жарандардын жашаган үйү, көчөсү дезинфекцияланды", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2020-03-27 15:33:00
Бишкекте жок болуп жатат дейсинерда анан кантип эле имменно бизден баргандар ооруп калат ? Балким Бишкекте копбу жашырып жатасынарбы?
+2
atanazarov10
2020-03-27 18:24:02
aerforce,көп же аныктай албай жатышат
0
sirenaaaaa
2020-03-27 19:41:48
aerforce,балким бишкекте ооруп жаткандар жашынып жаткандыр самолечение болуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан