Орусиянын коронавируска каршы вакцинасынын экспорттук баасы айтылды

Орусиянын коронавируска каршы вакцинасынын экспорттук баасы 2 дозасы 10 доллардан (778 сомдун айланасы) кем болбой тургандыгы айтылды. Бул тууралуу "Р-Фарм" компаниясынын директору Алексей Репик билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Вакцинанын экспорттук баасы 2 дозасы 10 доллардан кем болбойт", - деген компаниянын директору.

Ошондой эле жакын арада вакцинанын чыга турган биринчи партиясы кымбат болорун, ал эми препарат көбүрөөк чыга баштаган сайын улам баасы да төмөндөй берерин кошумчалаган.

Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталышы берилген. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kadyrova_
2020-08-13 17:04:04
Аябай жакшы кабар экен,бирок...бизге окшогон карапайым кичине айлыктын көзүн карагандарга кымбат турат өкмөт кичине карапайым калктын арасынан көп балалуу оорулуу кары картандарга кичине женилдиктерди карап берсе жакшы болмок.
+3
ALATOOLUK.JIGIT
2020-08-13 18:13:19
Kadyrova_,700 доллар болсо да бир жон,700сом калктын бардык катмарына эн ынгайлуу баа. бизге бекер таратса да уйго жеткирип бергенде жакшы болмок,азыр жолкирем жок эле дейбиз го.
+3
rafo80
2020-08-13 18:14:53
Kadyrova_,3000$га айыктырдык деп жатышат го, ага караганда кыйла эле арзан го
+4
Jelezo
2020-08-13 19:49:53
Kadyrova_,өлгөндөргө бээ союп чучук тартабыз го андан көрө 700 сомго дарыланган жакшы го дейм.
+4
nargiz-sa
2020-08-13 20:27:40
Бизге келгенде ортодогу ортомчулар 10 эмес 100$га чыгарса кк
+3
Arai92
2020-08-14 00:05:07
778 сом жакшы баа экен.
0
Mintip-menu-suybo
2020-08-14 01:00:43
Ой 1000 сом болсо да алабыз...
0
Sogushov
2020-08-15 09:44:31
Орустар оздору отказ кылып атышат ко коркушуп эптеп еле чыгарышты деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан