Бүгүн, 27-мартта каржы министри Бактыгүл Жээнбаева онлайн маалымат жыйын берди. Анда ал коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына тийгизген таасири тууралуу кыска маалымат берди.
"Кыргыз өлкөсү Эл аралык валюта фондунан 120 миллион 900 миң доллар алат. Коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөө балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 80 миллион 600 миң тез каржылоо аспабы боюнча жана 40 миллион 300 миң тез насыялоо ыкмасынын алкагында берилди. Өзгөчө финансылык жардамга сурам COVID-19 пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөм балансына мөөнөттүү керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жактырылган. Бул донордук колдоо көрсөтүүлөрдү шыктандырууга жана саламаттыкты сактоонун негизги чыгымдарына акысыз ресурс бөлгөнгө жардам берет", - деп белгиледи Жээнбаева.
Мындан сырткары ал пандемиянын залакасы өлкөнүн макро жана микро экономикасына кесепетин тийгизгенин белгилеп өттү. "Баарыбыз көрүп тургандай, пандемиянын чыгышы өлкөнүн макро жана микро экономикалык перспективаларын начарлатып, болжол менен 400 миллион АКШ доллары деп бааланган төлөм балансындагы айырмачылыкты көрсөттү", - деп билдирди Жээнбаева.