Бүгүн, 30-май саат 22:00гө карата коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:
1. АКШ - 1 миллион 750 миң 203
2. Бразилия - 465 миң 166
3. Орусия - 396 миң 575
4. Улуу Британия - 272 миң 615
5. Испания - 239 миң 228
6. Италия - 232 миң 248
7. Франция - 186 миң 924
8. Германия - 183 миң 125
9. Индия - 180 миң 621
10. Түркия - 162 миң 120
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталгандардын жалпы саны - 5 миллион 974 миң 938. 9-мартта бул көрсөткүч 111 миң 228, 17-мартта 183 миң 356, 27-мартта 551 миң 337, 10-апрелде 1 миллион 619 миң 495, 30-апрелде 3 миллион 231 миң 701 адам эле.
Буга чейинки менен азыркы рейтингдин айырмасы бул 1 айда ондукта жок Бразилиянын 2-сапка чыкканы болду. Ал эми Орусия 8-орундан 3-сапка көтөрүлгөн. Илдеттин очогу болгон Кытай ондукта жок. Рейтингден ошондой эле Иран сүрүлүп чыгып, анын ордуна Индия кирген.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө тууралуу маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.