Бишкекте 2019-жылдын 1-июлунан тартып 15-июлга чейин жалпы 68 адамдын сөөгү жерге берилген. Ал эми быйыл ушул аралыкта борбор калаада 251 адам жерге берилди. Анын ичинен 86сы пневмониядан, 25и коронавирустан, калганы илдетке байланышы жок көз жумгандар. Бул тууралуу Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Ала-Тоо жана Ак-Ордо 3 конушунун ортосунда жайгашкан көрүстөндө күнүнө жок дегенде эки же үч адам жерге берилүүдө. Илдеттен каза болгондор атайын эреже менен көмүлүп, ага жакын туугандары гана катышууда. Гроздь айылында жайгашкан көрүстөндө деле абал дал ушундай. Жалпысынан шаар боюнча акыркы 3 күндө 20дан ашуун маркум көмүлдү.
SUPER.KG порталы аталган көрүстөнгө барганда ал жерде 17 көр даяр турганына күбө болду.
Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Аскербек Алиевдин айтымында акыркы кырдаалга ылайык агенттиктин жумушчулары күнү-түнү иштеп жатканга байланыштуу кызмат акысына бир аз тыйын кошулган. Бул баа Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн баа менен агенттик эки гана күн иштеген.Себеби акыркы убакта вирустан каза болгондор кескин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу оор абалды эске алып, агенттик көмүү баасын мурунку абалында калтырган.
Көр казуу кызматынын баалары:
СКЛЕП - 16040 сом;
Мусулмандар тибиндеги мүрзөнү казуу - 7511:
Мусулмандар тибиндеги балдардын мүрзөсүн казуу - 1945 сом;
Христиан тибиндеги мүрзөнү казуу - 5905 сом;
Христиан тибиндеги балдардын мүрзөсүн казуу - 973 сом.
Көрсөтүлгөн баалар көр казуу кызматы үчүн алынат да жер бекер берилет.
Белгилей кетсек, республикалык штабдын маалыматы боюнча, 15-июлга карата март айынан бери 160 бейтап коронавирустан, 571си пневмониядан каза болду.