
Америкалык окумуштуулар 90 мүнөттүн ичинде коронавирус инфекциясын аныктай турган бет кап иштеп чыгарышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, экспресс-анализдин жыйынтыгы колдонуучунун купуялыгын камсыздоо үчүн бет каптын ички бетинде гана көрсөтүлөт. Технологиянын маңызы - бет капта башка вирустарды табууга ыңгайлаштырыла турган, кичинекей бир жолу колдонулуучу сенсорлор бар. Башкача айтканда, бул технология ар тараптуу.