"Эл топтолгон жерге барбагыла" деген штаб элди өзү топтоп жатабы? "Пропуск" алабыз дегендердин кезек күткөн сүрөтү

Константин Конкин аттуу интернет колдонуучу бир саат мурун өзүнүн баракчасына штабга "пропуск" алуу үчүн баргандардын сүрөтүн жарыялады. Анда ал жерге баргандардын арасында 5 күндөн бери өткөрмө кагазды ала албай жүргөндөр бар экенин жазган.

"Бул жерге келгендердин көбү дүкөндөргө нан, суу, айтор, азык-түлүктөрдү жеткирип иштегендер. Буга чейин Бишкек шаарынын коменданты ал ишкерлерге эч кандай тоскоолдуктар болбойт деп айтканы суу кечпей калды. Эгерде ушул узун кезек күткөндөрдүн арасында бир кишиде коронавирус болсо, анда дароо 100 кишиге жугушу мүмкүн да. Бул үчүн ким жооп берет?", - деген ал билдирүүсүндө.

Ал жүктөгөн сүрөттөрдүн алдына колдонуучулар нааразы пикирлерин жазышууда. "Санариптештирүү жылы беле? Жөнгө салыш керек болчу", "Эл топтолгон жерге барбагыла деген штаб өзү элди топтоп жатат" деген сындуу пикирлер калтырылган.

Кечээ, 27-мартта Бишкек шаарынын коменданты, ИИМдин орун басары шаарда жарандарды азык-түлүк, дары каражаттары жана күнүмдүк турмушка зарыл болгон буюмдар менен камсыз кылган ишкерлерге тоскоолдук болбойт деп билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asanaliev.s
2020-03-28 16:09:20
Биз качан онолобуз озу.
+2
oscar
2020-03-28 16:15:29
asanaliev.s,биз эмес өкмөт качан
+4
Kalla
2020-03-28 16:15:47
Банкка барсан да ошол топтошкон эл,1 кассир, бир Тейлоо стол, кардарлар болсо коб. Бир сааттап кезек кутмой.
+4
gute
2020-03-28 16:17:02
Правительство көрсө эчтекеге даяр эмес экен.
Электрондоштуруп койсо болот беле?! Эшикте 21- кылым
+6
aerforce
2020-03-28 17:48:48
Ушуну туура эмес кылды кайра элди топтоп
+4
akmanai
2020-03-28 18:55:55
Интернетти очуруп койсо болмок дегендерге жооп. Эгер интернет иштебей калса ушуга окшогон окмоттун очойгон минустарынан эл кабарсыз калып абал курчуп кетиши ыктымал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан