Коңшу Казакстанда 60 адам коронавирус менен жабыркап жатат

Бүгүн, 23-мартта саат 11:00гө карата Казакстанда жалпысынан 60 адам коронавирус менен жабыркап жатат. Акыркы болуп катталган жарандар буга чейин коронавирус жуктурган адам менен байланышта болушкан.

"Жабыркагандар буга чейин коронавирус аныкталган адам менен байланышта болуп, үй шартындагы карантинде жатышкан. Учурда коронавирусту дарылоо протоколунун негизинде дарыгерлер тиешелүү иштерди жасап жатышат. Алардын абалы канааттандырарлык", - деп билдиришкен өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Учурда коронавируска чалдыккандар Казакстандын Нур-Султан, Алматы шаарларында, Ак-Төбө, Алматы жана Караганда облусунда катталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chake
2020-03-23 11:32:19
Бизде ушул менен токтоп калса экен
+10
Makul
2020-03-23 12:12:22
chake, оомийин!!!
+5
Jaznura
2020-03-23 12:27:58
chake,айтканың келсин
+3
Azizbek_Musabekovich
2020-03-23 12:24:34
бизде буюрса токтойт ушу менен
+3
Arina07
2020-03-23 13:00:22
коншу мамлекеттерде вирус кучоп жатканы Кыргызстанга ото коопту. Кыргыз элим озубузду этияттап, карантинде эч жака чыкпаныздар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан