Штаб: "Нарында блок посттон өткөн ар бир унаа дезинфекцияланууда"

Нарын облусунда посттордон өткөн ар бир автоунаа дезинфекцияланып, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилип, аты-жөнү, телефон номерлери атайын китепчеге катталып жатат. Мындай маалыматты өлкөгө коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн штабдан билдиришти.

Ага ылайык, аталган облуста жалпы санитардык-карантиндик 13 пост уюштурулуп, 72 мобилдик көзөмөл тобу иш алып барууда.

"Баса, посттордун көмөгү менен облустун аймагындагы эл каттамы азайды", - деп жазылат штабдын маалыматында.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан