Саламаттыкты сактоо министринин орун басары өлкөдө эпидемияга каршы чектөөлөр күчөтүлүшү керектигин айтты

Депутат Азамат Арапбаев "Өлкөдө кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилеби?" деп саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге кайрылды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин билдирип, карантиндик чектөөлөр боюнча жеке оюн айтты.

"Менимче, эпидемияга каршы күрөшүү иш-чараларын күчөтүү керек. Биз жөнөкөй эле бет кап тагынуу, аралыкты сактоо деген санитардык талаптарды аткарбай жатабыз. Ушул эрежелерди аткарууну күчөтүшүбүз керек. Жарандар "Ош базар", "Орто-Сай" базарларына барышып, тобу менен жүрүшөт. Ооруп калгандардын инфекцияны жуктуруу булагы белгисиз болуп калууда", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан