"Дүйнөдө биринчи жолу!". Таиландда маркумдан коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн делген соттук-медициналык эксперт көз жумду

Дүйнөдө биринчи жолу коронавирус илдетинен улам каза тапкан адамдан вирус жуктуруп алган адам аныкталды. Ал Таиланддын борбору Бангкок шаарында иштеген соттук-медициналык эксперт экенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Тилекке каршы, маркумдан вирус жуктуруп алышы мүмкүн делген соттук-медициналык эксперт дагы көз жумган. Бул дүйнөдө коронавирустан каза тапкан адамдан оору жуктуруп алган биринчи учур экени айтылат.

Вирусту изилдөөчүлөр соттук-медициналык кароо жүргүзгөн кызматкерлер маркумдан оору жуктуруп албашы үчүн бардык жеке коопсуздук чараларын аткарыш керектигин эскертип келишет.

Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы коронавирустун жаңы түрү акырына чейин изилденип бүтө электигине байланыштуу сөөктөр менен иштеген медицина кызматкерлеринин сак болушун айтып келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mela
2020-04-15 21:14:27
Орттоп салыш керек окшойт?!((((
0
Aikaaaa
2020-04-15 22:35:24
mela,ошентиш керек окшойт, сактыка кордук жок. Анда деле кармашат да, коркунучтуу
0
algakaray
2020-04-16 02:00:52
Адам олгон мн деле денесинде вирус бир канча убакыт жашай берет го анда. Адамды комгондон кийин кайра жердин устуно вирус чыгалбаса кк. Жер мн топурактын касиетин карабайсынарбы андан ары озуно адамды алып тазалап кетет. Эн кир, балит нерсе бул жердин устундо болсо кк.
0
Ziregim
2020-04-16 19:23:15
Каяктагы биринчи жолу баягыда эле Италияда жукпады беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан