"Коронавирус бийликтин саясий оюну" деген маанидеги пост жайгаштырган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран З.Ж. 1982-жылы туулган. Ал Токтогул районунун тургуну.
Бул жаран социалдык тармактар аркылуу "коронавирус бийликтин саясий оюну" деген маанидеги пост жайгаштырган. Ал менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.
Бул факты боюнча материалдар Токтогул РИИБине жиберилди.