Коронавирустун очогу болгон Ухан шаарында инфекция менен ооруган адам калган жок

Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус пандемиясынын очогу болгон Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухан шаарындагы ооруканадан 12 адам чыгарылды. Муну менен аталган шаардагы ооруканаларда коронавирус менен ооруган бир дагы адам калган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кытайдын Гигиена жана саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Ми Фэнгдин айтымында, мындай натыйжага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан ушул шаарга жиберилген дарыгерлердин талыкпаган эмгеги себеп болгон.

Буга чейин 24-апрелде Ухан шаарында коронавирус менен катуу ооруган акыркы адам айыгып чыкканы маалымдалган.

Коронавирус эң алгач Ухан шаарында 2019-жылдын декабрь айынын аягында катталган. Бул вирус Кытайдан тышкары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кенен кулачын жайды. Март айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Agayu
2020-04-27 16:05:53
Мен Бишкектин абасын кайдагы Ухань шаары тазалайт деп эч ойлобоптурмун эле .
-3
natasha00
2020-04-27 16:23:18
Мен ойлойм ушул Вирусту Кытай озу эле чыгарган, себеби, Кытай уже оорудан айыкты кутулду бат эле, а дагы деле башка олко жабыркап жатат, бул Кытайларда ооруга каршы даарысы бар окшойт,Кытайлар ооруну чыгарып койуп башка Мамлекетти кырып жатат, а оздорун до аз эле адамдар олду! Ушул жерде 1 секрет чоон иш бар буларда!
+7
Aika1988
2020-04-27 16:39:04
natasha00,Ошо да дарысы болуш керек буларда себеби аларда медицина кучтуу го.Канча мин Адам ооруп жаткан болчу бат эле калбай калды го ооругандар..Бизде да батыраак жоголсо экен.
+5
aruukyz
2020-04-27 18:06:48
Китайлар дуйно жузун булгап эми оздору беймарал журушот
+4
ALGAMOC
2020-04-27 18:27:22
Бизде да инфекция калган жок деген маалымат айтылып калаар. Бир аз чыдап, сабыр кылып туралы КЫРГЫЗ элим.
+6
Kuba-savai87
2020-04-27 22:27:10
Кытайдан ушул вирус тарагандыгы учун салык салыш керек
+4
sirenaaaaa
2020-04-27 22:39:27
Kuba-savai87, карызды кечип беришсин
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан