Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (WHO) Covid-19 оорулууларын дарылоо үчүн ойлоп табылган Remdesevir аттуу жаңы дарыны алгачкылардын катарында Малайзияга бермекчи болду. Бул тууралуу Малайзиянын Улуттук коопсуздук кеңеши (NSC) билдирет.
NSC белгилегендей, Малайзия өлкөсүнүн алгачкылардан болуп тандалышына өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы дарынын эффективдүүлүгүн изилдөө мүмкүнчүлүктөрү жакшы экендиги себеп болгон.