Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 56 компаниядан каражат которулган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-апрелге карата атайын эсепке 13 миллион 513 миң 152 сом түшкөн. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине 125 миллион 24 миң 605 сом которулган.
Буга чейин депутаттар коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке түшкөн каражаттарды ачык, айкын көрсөтүү керектигин айтышкан.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирген. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардамдар түшөт. Ал жерден түзүлгөн комиссия каражаттарды бөлүштүрөт.