Коронавирустун дүйнө жүзүнө жайылып жаткандыгына байланыштуу Таиландда жайгашкан Пхукет аралы деңизден жана кургактан келген туристтер үчүн 1 айга жабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, арал 30-марттан 30-апрелге чейин жабылды.
"Аралга кирүүгө да, чыгууга да тыюу салынды. Бул чаралар коронавирустун аралга кирип, жайылып кетишин алдын алуу үчүн жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Пхукет Таиланддагы эң ири жана туристтердин агымы эң көп келген арал болуп эсептелет.