"20 миңден ашык катталды". Орусияда сутка ичинде коронавирустан 400гө чукул адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 20 миң 582 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 378 адам каза болсо, 16 миң 955 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 6253 (айыккандар 3783);

Санкт-Петербург - 1171 (айыккандар 563);

Москва облусу - 605 (айыккандар 439);

Нижегород облусу- 431 (айыккандар 337) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 733 миң 440 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 29 миң 887 адам каза болсо, 1 миллион 296 миң 124 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан