"Мамлекет өзүнүн милдеттемелерин толук аткарат, бардык социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөт". Мындай билдирүүнү онлайн маалымат жыйын учурунда биринчи вице-прьемер министр Кубатбек Боронов айтты.
"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» төлөмдөрдү, жөлөк пул алуу үчүн документтеринин мөөнөтү бүткөн жарандарга жөлөк пулдарды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды төлөө улантылат.
Ошону менен катар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн персоналдык ассистенттердин, оор жашоо шартындагы балдарды убактылуу асырап алган ата-энелердин айлык акысы, ай сайын акчалай компенсация алган 25 категориядагы жарандардын төлөмдөрү убагында төлөнүп турат", - деп билдирди Боронов