Орусия Бириккен улуттар уюмуна коронавируска каршы "Sputnik V" вакцинасын сунуштайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте бет ачар өткөрүп, анда орусиялык "Sputnik V" вакцинасы жөнүндө кеңири маалымат беришерин билдирди.
"Sputnik V COVID-19га каршы вакцина деп аталган иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын сессиясынын алкагында видео форматта өткөрүлөт. Иш-чарага Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашко жана башка өкүлдөр катышат", - деп жазылат маалыматта.
Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталыш берилген. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.