Коңшу Казакстанда 30-мартка карата коронавирус менен 294 адам жабыркап жатат. Өлкөнүн коомдук саламаттыкты сактоо улуттук борбору вируска чалдыккандар тууралуу кеңири маалымат таратты. Тактап айтканда, аталган борбор жабырлануучулардын жынысын, жаш курагын жана алар вирусту кандай шартта жуктуруп алгандыгы тууралуу инфографика түздү.
Анда 67 жаран чет өлкөдө жүргөндө вирусту жуктуруп алышкан, 114 жаран байланышта болгон (ар кандай шартта, учакта, аэропортто жуктурган) дагы 103 жаран Казакстанга келген оорулуулардан жуктурган. Жабыркагандардын арасында эркектерге салыштырмалуу аялдар басымдуулук кылат. Аларды жаш курагына жараша бөлүп караганда:
5 жашка чейинкилер - 3 кыз;
10-15-жаштагылар - өспүрүмдөрдүн экөө кыз, бири бала;
15-20-жашка чейинкилер - 1 кыз, 2 бала;
20-25-жаш курактагылар - 17си кыз-келиндер, 8си мырзалар;
25 жаштан 30 жашка чейинкилер - 13ү кыз-келин, 8и эркек;
30-35-жаштагылар - 16 аял, 11 эркек;
60-65-жашка чейинкилер - 6 аял, 3 эркек;
65 жаштан жогорку курактагы адамдарда коронавирус каттала элек.