11-мартка караган түнү Бишкектеги республикалык инфекциялык клиникалык ооруканага дене табы жогору болгон 74 жаштагы германиялык жаран келип түшкөн. Андан медициналык тест алынып, жыйынтыгы коронавирустун белгилери жок деп чыккан. Аталган инфекциялык оорукананын башкы дарыгери бейтап ооруканадан үйүнө чыгарылганын билдирди.
"Тесттин жыйынтыгы таза чыккандыктан бейтап ооруканадан үйүнө чыгарылды. Анын буга чейин башка оорулары болгон", - деди башкы дарыгер.
Буга чейин германиялык жарандын диагнозу - эки тараптуу өпкө оорусу экендиги кабарланган.