"Ухан вирусу": Вирус жуктургандардын саны боюнча Испания Кытайды ашып өттү

31-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирус эпидемиясынан жабыркагандар 784 миң 314тү түздү. Анын 165 миң 228 бейтабы дарыланып, ооруканадан чыгарылса, 37 миң 638и каза болгон.

Коронавирус эпидемиясы жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. АКШда жалпы 163 миң 429 адам вирус менен алышууда. 5 миң 764 адам бул вирустан айыкса, 3 миң 8 адам каза тапты.

Италияда бир суткада 4 миң 50 адам вирус жуктуруп, ооругандардын жалпы саны 101 миң 739га жеткен. 14 миң 620 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 11 миң 591 адам көз жумган.

Дүйнө жүзүндө вирус жуктургандардын саны боюнча Кытайдан Испания ашып өттү. Испанияда учурда 87 миң 956 адам вирус менен алышууда. 16 миң 780 адам дарттан айыгып, 7716 адам каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан