Бүгүн, 20-майда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аймактагы абал тууралуу маалымат берди. Анда Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын ичинен 51 киши Талас облусуна кайтышкан. Алардын нааразычылыгы тууралуу ыйгарым укуктуу өкүл буларга токтолду.
"Облустук штабдын алгоритмине ылайык, чет өлкөдөн келгендерди обсервацияга алышыбыз керек. Биз Соль-Илецктен келгендерди Талды-Булак айылынан тосуп алып, обсервацияга жайгаштырдык. Облуста лаборатория иштеп жатат. 5 күндөн кийин алардан тест алынат. Дарыгерлердин сунушу менен жана коопсуздук үчүн обсервацияга жайгаштырдык", - деди Мураталиев.
Ал эми обсервацияга жайгаштырууга каршы болгондорду уруп-сабады деген кептер туура эместигин кошумчалады.
"Уруп-сабоо болгон жок. 51 кишиден тышкары аларды облуска алып келген айдоочулар дагы обсервацияга алынды. Арасында 4-5 жаран каршы болгондуктан, аларды милиция кызматкерлери обсервациялык жайга киргизишти", - дейт ал.