Өлкөнүн аймактарына киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволору жабылат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.
"31-марттан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволор аралык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат. Алардын катарына Калкты тейлөө борборлору жана “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрү, “Кыргыз почтасы” ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС (ОЗАГСПРН) кирет", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы төрөлгөн ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк өз убагында алынбаса, айып салынбай тургандыгы маалымдалган.