Чет элдик маалымат каражаттары коронавирус аныктала элек 20 мамлекетти жана адамдар дайыма отурукташ аймактарды атады.
Акыркы расмий маалыматтарга караганда, коронавирус 15 өлкөдө жана 11 калк дайыма отурукташкан аймакта чыга элек. Өлкөлөрдүн катарына Комор аралдары, Кирибати, Лесото, Маршалл аралдары, Микронезия Федеративдик Штаттары. Науру, Палау, Соломон аралдары, Тажикстан, Тонга, Түркмөнстан, Тувалу, Вануату жана Түндүк Корея кирген.
Ал эми калк дайым отурукташкан аймактарга Питкэрн, Ыйык Елена аралдары, Вознесения жана Тристан-да-Кунья (Улуу Британия), Америкалык Самоа (АКШ), Уоллис жана Футуна аралдары (Франция), Шпицберген (Норвегия), Рождество жана Норфолк аралы, Кокос аралдары (Австралия), Ниуэ, Токелау, Кука аралдары (Жаңы Зеландия) кирген.
Басылмалар айрым өлкөлөрдө коронавирус бар экенин, бирок алар жашырып жатканын кошумчалай кеткен.