
Түркияда коронавирус жуктургандардын саны сутка ичинде 2 миң 100дөн 7 миң 402ге жетсе, каза болгондордун саны 108ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри
Фахреттин Кожа билдирген.
"Жалпы 7 миң 533 адам тест тапшырган. 1 миң 704 адамда вирус аныкталды. Коронавирустан дагы 17 адам көз жумду, жалпы өлкө боюнча көз жумгандардын саны 108", - деп билдирген министр.
Түркияда расмий маалыматтарга караганда 30 миңден ашуун Кыргыз жараны окуп, эмгектенишет.