17-апрелге карата коменданттык саат убагында 74 жаран кармалды

17-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору, Ош шаары, Сузак району жана Жалал-Абад шаары, Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 74 жаран жеткирилип, 10 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Бишкек шаары – 59;
Жалал-Абад шаары – 4;
Ош шаары - 2;
Нарын шаары - 6;
Кара-Суу району - 2;
Сузак району боюнча - 1;
Ал эми Ноокат жана Ат-Башы райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2 миң 705 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан