Азыркы кырдаалга байланыштуу үйдө болуп жаткан балдарга жагымдуу психологиялык шарт түзүп берүү керектигин онлайн жыйын учурунда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова айтты.
Ал учурда ата-энелердин мойнунда чоң жоопкерчилик турганын билдирип өттү.
"Урматтуу ата-энелер, балдар күнүгө үйдө болгондуктан аларга жагымдуу психологиялык шарт түзүп, иш күнүн туура түзүп берсеңиздер. Биз да сиздерге жардам беребиз. Мектепке чейинки жана андан улуу балдардын ата-энелерине өзүнчө сунуштарды жөнөтөбүз. Эң негизгиси тазалыкты сактап, телеканалдардан берилүүчү сабактардын жүгүртмөсүн алып каралашыңыздар. Спорттук кандайдыр бир машыгууларды жасатып, адабий, көркөм чыгармаларды окуп, балдарга мүмкүн болушунча жакшы шарттарды түзүп берсеңиздер. Ошону менен биз IV чейректи дистанциялык форматта ийгиликтүү аяктай алабыз", - деди ал.