Элдик жардам штабы муктаждарга даректүү тамак-аш жеткирүү жана таратуу боюнча ыктыярчылар үчүн кыска курстарды өткөрөт

Бүгүн, 1-апрелге карата Өкмөт үйүндө маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын катышуусунда онлайн жыйын өтүүдө. Анда мекеме жетекчилери тарабынан акыркы окуяларга байланыштуу мекемелердин аткарган иштери тууралуу айтылып жатат.

Элдик жардам штабы муктаждарга даректүү тамак-аш жеткирүү жана таратуу боюнча ыктыярчылар үчүн кыска курстарды өткөрөт. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Мирлан Парханов билдирди.

"Элдик жардам штабы муктаждарга даректүү тамак-аш жеткирүү жана таратуу боюнча ыктыярчылар үчүн кыска курстарды өткөрөт. Бүгүнкү күндө 500-600дөн ашык адамга окутуу жүргүзүлдү, ошондой эле 150-200 айдоочу окуудан өттү. Муктаждардын тизмеси күн сайын толукталып иштелип чыгууда", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан