"Subaru" компаниясы унаа өндүрүүнү убактылуу токтотту

Белгилүү япониялык "Subaru" пандемияга байланыштуу өндүрүштү болжол менен 3 аптага токтотту. Бул тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бул убакыт учурунда компания 70 миңге жакын унаа чыгарганга үлгүрмөк, бирок пандемиянын айынан компания Гумма аймагында жайгашкан заводдо унаа чогултуу 11-апрелден тартып 1-майга чейин токтойт. Буга карабастан 10 миң жумуш орду ошол бойдон сакталып калат.
Гумма аймагындагы заводдо Impreza жана Forester моделдери чыгат. Алар өлкө ичинде жана АКШнын базарларында сатылат.
АКШнын Индиана штатында жайгашкан заводун компания 23-мартта жапкан. Ал 7-апрелде кайра ишке кирмек, бирок акыркы окуяларга байланыштуу 20-апрелде ачылат.
"Toyota", "Nissan" жана "Honda" компаниялары дагы коронавируска байланыштуу өндүрүш иштерин токтоткон.
Японияда жалпы 2 миң 235 адамда коронавирус аныкталган. 77 адам көз жумуп, 1 миң 43 адам айыгып чыккан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан